Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXXI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 5

Имаратты жана ага тиешелүү жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

       Учкун  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Бектуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши  токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин негизинде, Учкун айыл аймагынын Жылан-Арык айылындагы Кайкалак №21 көчөсүндө 4-05-04-1001-0181 кодунда жайгашкан эски дүкөндүн имаратын жана ээлеп турган жер участогу менен (жалпы 2200,0 ч/м) муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3. Бул токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

К. Тостоков