ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 22-апрели №12/2
Бириктирилген Жерге-Тал айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө
Нарын облусунун Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жерге-Тал айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап Жерге-Тал айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
- Жерге-Тал жана Казан-Куйган айыл аймактарын бириктирип, Жерге-Тал айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жерге-Тал айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.
- Бириктирилген Жерге-Тал айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына Тянь-Шань районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Өмүралиевдин 2-октябрь 1992-жылдагы №682-б буйругунда белгиленген «Көр-Булак участкасындагы 760га жайыт 200га айдоо Жерге-Тал айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасында көрсөтүлбөй калган 514га жайыт жер аянтын кайра карап, кошуп берүү жагы менен макулдук берилсин.
- Бириктирилген Жерге-Тал айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара боюнча экинчи пункту эске алуу менен баяндамасына макулдук берилсин.
- Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ы. Бакаев |