ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 22-апрели №12/3
Жерге-Тал айыл аймагындагы жазгы айдап себүү, оруп-жыйноо жана чөп чабуунун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Жерге-Тал айыл аймагынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдорунун негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал жана Жалгыз-терек айылдарынын 2024-жылдын 09-апрелиндеги №1, №2, Кызыл-Жылдыз айылынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги №3 жана Жалгыз-Терек айылынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги №4 протоколдору жактырылсын.
- Жерге-Тал айыл аймагындагы жазгы айдап себүү, оруп-жыйноо жана чөп чабуунун тарифтери төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
Талаа жери:
- Аңыз жерди айдоо 1га –1500 сом, 25 литр күйүүчү май.
- Дың жерди айдоо 1га – 2000 сом, 30 литр күйүүчү май.
- Айдоо жерди тырмоо 1га – 600 сом, 10 литр күйүүчү май.
- Чөп өскөн жерди тырмоо 1га – 500 сом, 8 литр күйүүчү май.
- Сеялка менен себүү 1га – 600 сом, 10 литр күйүүчү май.
- Шакап тартуу 1га – 200 сом, 3 литр күйүүчү май.
- Чөп чабуу (ЕШКА) 1га – 1200 сом, 10 литр күйүүчү май.
- Косилка 1га - 1500 сом, 10 литр күйүүчү май.
- Чөп тырмоо (Грабил) 1га – 500 сом, 7 литр күйүүчү май.
- Чөп престөө 1га – ар бир боого 9 сом, 10 литр күйүүчү май.
- Эгин чабуу 1га – күйүүчү майы ичинде 3500 сом .
Огород:
- Огород айдоо – 300 сом 5 литр күйүүчү май.
- Тырмоо – 200 сом, 5 литр күйүүчү май.
- Чөп чабуу – 500 сом, 5 литр күйүүчү май.
- Чөп тырмоо (Грабил) - 300 сом, 2 литр күйүүчү май.
- Ушул токтомдо көрсөтүлгөн тартипте баш ийбеген жарандарга Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө кодексинин» негизинде катуу чаралар көрүлөөрү эскертилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |