Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы

2024-жылдын 22-апрели  №12/4

Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылынын көчүү-конуу, корук жана мал багуунун тарифтерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексинин 89 жана 90-беренелерине ылайык жана Жалгыз-Терек айылынын тургундарынын жалпы чогулуштарынын протоколунун негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылынын 2024-жылдын 09-апрелиндеги №2 протоколу жактырылсын.
  2. Мал багуунун тарифи 1 айга төмөндөгүдөй белгиленсин;

Майда жандык кой, эчки.

-        Өткөрүлгөн жалпы элдик чогулуштун чечиминин негизинде 1 башка 65 сом (жайыт акы жана тузу сыртында).

Бодо малга.

-        Уй 1 башка 400 сом, бука 1 башка 400 сом жана эркек тай багуу 400 сом өлчөмүндө белгиленсин  (жайыт акы жана тузу сыртында).

  1. Мал баккан чабандар мал-жандыктарын жаздоого көчүп чыгаруу мөөнөтү 2024-жылдын 1-майы, жайлоого көчүп чыгуусу 1-июндан 10-июнга чейин,  Ак-Сайга көчүү 10-июндан 15-июнга чейин ал эми күзүндө жайлоодон мал-жандыгы менен көчүп келүү мөөнөтү 1-октябрга белгиленсин.
  2. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жайыт белетин алуу жагы чабандарга милдеттендирилсин.
  3. Жалпы кой, эчки алган чабандар Ак-Сай жайлоосуна барып жайласын.
  4. Корукту баштоо боюнча жооптуу адамдар дайындалып, Жерге-Тал айыл аймагында 2024-жылдын 1-майынан 1-октябрына чейин корук деп белгиленсин.

-        Майда жандык 1 башка 20 сом.

-        Бодо малга 1 башка 200 сом, ал эми кайталанып түшсө 300 сом деп бекитилсин.

Эскертүү: Көрукка түшкөн малга жаз мезгилинде төлүнө алынбайт, күз мезгилинде төлүнө алынат.

  1. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн тартипте баш ийбеген жарандарга Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө кодексинин» негизинде катуу чаралар көрүлөөрү эскертилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

   Төрага

Ы. Бакаев