Редакцияот 28.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2023-жылдын 28-августу № 100

 

Кыштут айыл өкмөтүнүн алдындагы "Таян тазалык - техникалык тейлөө кызматы" муниципалдык ишканасына кредит/лизингке алынуучу атайын техниканын бажы жана камсыздандыруу төлөмдөрүнө жана башка жумуштарга Кыштут айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыштут айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган "Таян тазалык - техникалык тейлөө кызматы" муниципалдык ишканасына кредит/лизингке алынуучу атайын техниканын бажы жана камсыздандыруу төлөмдөрүнө жана башка жумуштарга Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н. Жакыбалиевтин жана "Таян тазалык-техникалык тейлөө кызматы" муниципалдык ишканасынын башчысы У.Мидиновтун баяндамаларын угуп жана талкуулап Кыштут айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Таян тазалык - техникалык тейлөө кызматы” муниципалдык ишканасына ОАО Айыл Банк Баткен филиалы аркылуу кредит/лизингке экскаватор “Hyundai R140W-9S” маркасындагы алынган атайын техниканын бажы, камсыздандыруу жана жеткирүүгө транспорттук төлөмдөрүнө 1055,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин “Аппараттык башкаруу” бөлүмүнүн чыгаша бөлүгүнө каралган «3111-имараттар жана курулуштар» статьясынын эсебинен-1261,0 миң сом акча каражаты кыскартылып,

-“Аппараттык башкаруу” «2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» статьясына-1055,0 миң сом,«2222-учурдагы чарбалык максаттар буюмдарды жана материалдарды алуу» статьясына-134,0 миң сом; - -Компенсация бөлүмүнүн «2721-Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул» статьясына-72,0 миң сом жылдырылып берилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Сейитмуратов