Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын  кезектеги  XXXVIII - сессиясынын

 

2024-жылынын 30-августу  №178/38-8

 

“Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2023-жылда аткарган иштери боюнча 1 жылдык маалыматы жөнүндө”

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Ч.Э.Тургунбаеванын маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Т.Мадемировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттардын кезектеги XXXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т :

 

  1. Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Ч.Э.Тургунбаеванын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Т.Мадемировдун билдирүүсү эске алынсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына (Ч.Э.Тургунбаева) жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык комиссиясына (Ж.Т.Мадемиров) жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

Ч.А. Кимсанов