ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 22-апрели №12/5
«Тешик» участкасындагы БСРдин курулушуна тиешелүү жер аянттарын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө» №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» убактылуу Жобого ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы «Тешик» участкасындагы №14, №15, №17 контурунда жайгашкан 10га жер аянтын жана №24 контурунан 2,5га жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан, «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы» жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ы. Бакаев |