Редакцияот 28.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2023-жылдын 28-августу № 101

 

Кыштут айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 7-июльндагы VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын №97 токтомуна түзөтүү киргизүү жөнүндө

 

“Таян тазалык-техникалык тейлоо кызматы” муниципалдык ишканасынын башчысы У. Мидиновтун баяндамасын угуп жана талкуулап. Кыштут айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыштут айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 7-июльндагы VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын №97 токтомунун 1 пунктундагы 5 жылдык моонот менен жазылып техникалык ката кеткендигине байланыштуу 6 жыл жана 17 (он жети) % менен деп толукталып, окулсун..

2. Ушул токтомдун Баткен облусунун юстиция башкармалыгына катоо жагы Кыштут айылдык кенешинин жоопту катчысы З.Айдаровко милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Сейитмуратов А.