Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын  кезектеги  XXXVIII - сессиясынын

 

2024-жылынын 30-августу  №181/38-8

 

“Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.03.2023-жылдагы № 122/26-8 сандуу “Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигинде турган объектилерди 2023-2025-ж.ж. менчиктештирүү программасы жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесине толуктоо киргизүү жөнүндө”

 

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы М.С.Курамаевдин муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигиндеги М.Сабиров көчөсүнүн № 1/2 үйүнүн № 8 батирин менчиктештирүү программасына киргизип берүү жана Кара-Көл шаарынын тургуну, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2- топтогу майып З.Б.Алибековдун жеке менчигине акысыз өткөрүп берүү жөнүндө сунушун, Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаевдин муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигиндеги Кулданбаев көчөсүнүн № 2-32, №2-36 , №1- 15, №1-52 , М.Сабиров көчөсүнүн №1/3-24, Серый көчөсүнүн № 3/1-26 батирлерин менчиктештирүү программасына киргизип берүү сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХХXVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.03.2023-жылдагы № 122/26-8 сандуу “ Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигинде турган объектилерди 2023-2025-ж.ж. менчиктештирүү программасы жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесиндеги 2023-2025-ж.ж. менчиктештирүү программасына киргизиле турган батирлердин тизмесине ушул токтомдун тиркемесине ылайык толуктоолор киргизилсин. (тиркелет)

2.    Сабиров көчөсүнүн № 1/2 үйүнүн № 8 батирин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2-топтогу майып З.Б.Алибековдун жеке менчигине акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

            3. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев) жана муниципалдык менчик башкармалыгы ( М.С.Курамаев) ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн батирден башка менчиктештирүү программасына киргизилген батирлерди менчиктештирүүнү мыйзам чегинде жүргүзсүн.

 

            4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына (Н.О.Орозбаев) Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С.Курамаев), көзөмөлдөө өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( И.Р.Касымов) жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

Ч.А. Кимсанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин

30.08. 2024-ж. XXXVIII сессиясынын

№ 181/38-8 сандуу токтомуна тиркеме

2023-2025-жж. Менчиктештирүү программасына киргизиле турган батирлердин тизмеси

 

 

№

Объектинин аталышы

Саны

Баланстык баасы

Баштал

гыч баасы

Менчиктештирүү

1.

Сабиров к. № 1/2 үй, № 8 батир

1

-

-

Менчиктештирүү

2.

Кулданбаев к. № 2 үй, № 32 батир

1

-

-

Менчиктештирүү

3.

Кулданбаев к. № 2 үй, № 36 батир

1

-

-

Менчиктештирүү

4.

Кулданбаев к. № 1 үй, № 52 батир

1

-

-

Менчиктештирүү

5.

Кулданбаев к. № 1 үй, № 15 батир

1

-

-

Менчиктештирүү

6.

Серый к. № 3/1 үй, № 26 батир

1

-

-

Менчиктештирүү

7.

Сабиров к. №1/3 үй, № 24 батир

1

-

-

Менчиктештирүү

 

Жалпы

7

 

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы К.И.Нурматова