МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2024-жылдын 22-апрели №13/109
Бириктирилген Миӊ-Булак айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө
Нарын облусунун Нарын районунун Миӊ-Булак айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Миӊ-Булак айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1.Миӊ-Булак, Эмгекчил, Он-Арча жана Кара-Кужур айыл аймактарын бириктирип Куйбышев айылын административдик борбор деп аныктоо менен Миӊ-Булак айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.
2.Жер-Көчкү, Лахол айылдары жана Кара-Кужур өрөнүү Кочкор районунун административдик аймагынан чыгарылып, Миӊ-Булак айыл аймагынын административдик аймагына киргизип берүү сунушталсын.
3.Бириктирилген Миӊ-Булак айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
4.Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Кошалиевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
Төрага |
| А.Ж. Жамангулов |