Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 ТОКТОМ

Күн-Чыгыш    айыл аймагынын жергиликтүү  Кенешинин  кезектеги 

 IV  сессиясынын

 

2024-жылдын  27-июну №27                                                               

 

 

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу  Кажы-Сай айылын кенейтүү максатында трансформацияланып жаткан 54,7  га жер аянтынын инфраструктурасын  өнүктүрүүгө байланышкан  чыгымдары жөнүндө

                               ______________________________________________

    

           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү Кенештердин  депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына  жана  Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине”  ылайык, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Рыспай уулунун   сунушун жана  талкуулап, Күн-Чыгыш   айыл аймагынын жергиликтүү  Кенеши              Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

      1.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу  Кажы-Сай айылын кенейтүү  максатында трансформацияланып жаткан 54,7 га жер аянтынын  инфраструктурасын  өнүктүрүүгө (электр энергиясы, ичүүчү суу менен  жабдуу, жолдорду салуу,  бала бакча жана башка  социалдык объектилерди куруу)  байланышкан чыгымдары  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн   бюджетинин   эсебинен жүргүзүлсүн.

       2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна  милдеттендирилсин.

      3.Бул токтомду  Ысык-Көл областтык  юстиция башкармалыгынан  мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы  Жергиликтүү Кенештин жооптуу катчысы М.Кыдырбаевге  жүктөлсүн.

       4.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш жергиликтүү Кенешинин жер, талаачылык, жайыт, агрардык маселелер  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                К.Карыпов