Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын  кезектеги  XXXIХ - сессиясынын

 

2024-жылынын 05-сентябры  №186/39-8

 

“ Кара-Көл шаардык кеңешинин Кара-Көл шаардык бюджетинин 2023-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө 29.03.2024-ж. № 160/34-8 сандуу жана Кара-Көл шаарынын 2024-жылга шаардык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө 29.03.2024-ж. №161/34-8 сандуу токтомдоруна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин Кара-Көл шаардык бюджетинин 2023-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө 29.03.2024-ж. № 160/34-8 сандуу жана Кара-Көл шаарынын 2024-жылга шаардык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө 29.03.2024-ж. №161/34-8 сандуу токтомдоруна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө шаардын мэри Н.О.Орозбаевдин, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун, жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүү-маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XXXIX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин талабынын негизинде Кара-Көл шаарынын Кара-Көл шаардык бюджетинин 2023-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө 29.03.2024-ж. № 160/34-8 сандуу токтомунун № 5 тиркемесиндеги “Шаардын ички көчөлөрүнө тротуар курууга” бекитилген 10 191,7 миң сом, “Иманкулов атындагы ипподромго ат сарай курууга” бекитилген 5 000,0 миң сом жана Кара-Көл шаарынын 2024-жылга шаардык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө шаардык кеңештин 29.03.2024-ж. №161/34-8 сандуу токтому менен бекитилген № 3 тиркемесиндеги “ШММБна экскаватор сатып алууга” бекитилген 7 000,0 миң сом, “Ички көчөлөргө шагыл төшөөгө” бекитилген 3 000,0 миң сом, “7-аянтчага светофор орнотууга” бекитилген 480,0 миң сом, “ 3 сааттык бала бакчанын чатырын жабууга” бекитилген 1 046,0 миң сом, жалпы 26 717,7 миң сомдук ищ-чараларга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилип, тиркемеге ылайык өзгөртүлүп бекитилсин.

2.     Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгы (Ж.Т.Осмонкулов) Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-бер. 4-п., 103-бер. 3-п. талабынын негизинде шаардык бюджеттин чыгаша бөлүктөрүнө тактоо (“уточнение”) киргизүү сунушталсын.

3.     Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.08.2024-ж. №183/38-8 сандуу токтому жокко чыгарылсын.

4.     Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Бюджетти кодексинин 103-бер. 1,2,3-п.п. талаптарынын негизинде шаардык мэрияга Н.О.(Орозбаев), Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери инвестиция боюнча комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

Ч.А. Кимсанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Көл шаардык кеңештин

05.09.2024-ж. XXXIX сессиясынын №186 /39-8

токтомуна тиркеме

 

 

Кара-Көл шаардык бюджеттин 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы же “Өнүгүү бюджетине” өзгөртүү киргизүү боюнча иш- чаралардын РЕЕСТРИ

(мин сом)

№ п/п

Мекеменин аталышы

Иш пландын аталышы

Сметалык баасы

Эскертме

1

ШММБ

"Эскада" ЖЧКга карыз сумманы төлөө

4597,2

 

2

ШММБ

Жазы-Кечүү айылындагы бала-бакчанын курулуш иштерине

15 193,2

 

3

ШММБ

"Дем берүүчү (үлүштүк) грант” аркылуу аткарылуучу иштерге технадзордун кызмат акысы

265,6

 

4

ШБББ

Фрунзе атындагы №3 мектепке кошумча кабинет ачууга

186,0

 

5

ШБББ

Фрунзе атындагы №3 мектепке эмерек сатып алууга

432,6

 

6

ШБББ

Фрунзе атындагы №3 мектептин ашканасына жабдууларды алууга

174,3

 

7

ШБББ

Жазы-Кечүү айылындагы бала-бакчага чарбалык буюм, эмерек, ашкана жабдыктарын алууга

1642,6

 

8

Мэрия

"Баластан" бала бакчасына алынуучу эмеректер үчүн облфондго жергиликтүү бюджеттин үлүшү

141,0

 

9

ШБББ

"Баластан" бала бакчасына кошумча группа ачууга

313,0

 

10 

ШБББ

"Байчечекей" бала бакчасына эмерек сатып алууга

249,2

 

11

ШБББ

"Байчечекей" бала бакчасынын короосун бетондоо иштерине

50,0

 

12

ШБББ

Хуриев №5 мектебинин алдын бетондоо иштерине

155,0

 

13

ШММБ

"Достук" заводун суу менен камсыз кылууга ижара акысы

500,0

 

14

Мэрия

Материалдык жардамдарга

1500,0

 

15

ШММБ

Маданият үйүнө кондиционер сатып алууга

500,0

 

16

Дене тарбия жана спорт бөлүмү

"Энергетик" волейбол клубуна спорттук форма, топ сатып алууга жана Эл аралык оюндарга катышууга, окуу машыгуу сборуна

257,0

 

17

Дене тарбия жана спорт бөлүмү

Мыкты ийгилик жараткан спортчуларга сый акы

200,0

 

18

Мэрия

Административдик укук бузуулардын негизинде штраф

26,0

 

19

Мэрия

Көчмө микрафон сатып алууга

15,0

 

20

Мэрия

Мэрге планщет сатып алууга

80,0

 

21

Мэрия

2025-жыл жаңы жыл тосууга

110,0

 

22

Маданият үйү

Кара Кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгына карата шаар ичинде "Ыр-Кесе" өткөрүү иш чарасына

30,0

 

23

ШБББ

Д.Шопоков атындагы №4 мектебинин ачылышына даярдык көрүүгө

100,0

 

 

 

Жалпы:

26717,7

 

 

 

 

Жооптуу катчы:

 

Нурматова К.