Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 20-сентябры № 92/XX-28

Нурманбет айылдык кенешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги №74/ХV11-28 өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында А.Молдокулов атындагы орто мектебинин от калоочу мешин жана жайын 2023/2024-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине даярдоо жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Нурманбет айылдык кенешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги №74/ХV11-28 токтомунун 3-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- А.Молдокулов атындагы орто мектебинин от калоо мешин жана имараттын ичин учурдук оңдоо иштерин өткөрүүгө Мектеп 70921 бөлүгүнүн 3111 статьясынан Мектеп 70921 бөлүгүнүн 2221 статьясына 882,2 миң сом жылдырылсын.

2.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Н. Табыкеев