Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Күн-Чыгыш    айыл аймагынын жергиликтүү  Кенешинин  кезектеги 

 IV  сессиясы

            

2024-жылдын  27-июну                                                               

 

 

Бириккен Улуттар Уюмунун   Өнүктүрүү  программасы

  тарабынан бөлүнгөн акча каражатты бөлүштүрүү  жөнүндө

                               ______________________________________________

  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө  караштуу  Кажы-Сай айылынын  таза суу системасын ондоо үчүн  Бириккен Улуттар Уюмунун   Өнүктүрүү программасы  тарабынан  бөлүнгөн  акча каражатты бөлүштүрүү  боюнча  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Рыспай уулунун  маалыматын угуп  жана  талкуулап, Күн-Чыгыш   айыл аймагынын жергиликтүү  Кенеши 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

      1. Бириккен Улуттар Уюмунун   Өнүктүрүү  программасы  менен   түзүлгөн макулдашуунун  негизинде учурдагы жардам катары  бөлүнгөн  1 420 800 (бир миллион төрт жүз жыйырма мин  сегиз жүз)  сом акча каражатын бюджеттин  кирешеси катары  көбөйтүүгө  макулдук берилсин.

    2. 1 420 800 сом акча каражаты 2215 беренесине  бөлүнсүн.

    3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы С.Борбодоевге   тапшырылсын. 

 

Төрага                                                                                        К.Карыпов