Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 ТОКТОМ

 

 Күн-Чыгыш    айыл аймагынын  жергиликтүү Кенешинин  кезектеги 

 IV сессиясы

 

2024-жылдын  27-июну                                                               

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомун аткарууга алуу жөнүндө

                     ____________________________________________________

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомунун жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга  Кыргыз Республикасынын  калктуу  конуштарынын башкы пландарын  иштеп чыгуу  жана бекитүү боюнча программасынын негизинде  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Тон, Кажы-Сай  айылдарынын  башкы пландарын даярдоо жана  бекитүү боюнча   Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун    маалыматын угуп жана талкуулап,  Күн-Чыгыш айылдык Кенеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомуна ылайык, республикалык бюджеттен келип түшкөн 4395 600 (төрт миллион үч жүз токсон беш мин алты жүз) сом акча каражаты Тон, Кажы-Сай айылдарынын башкы пландарын даярдоого жумшалсын.

   2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы  Т.Рыспай уулуна   тапшырылсын.

 

Төрага                                                          К.Карыпов