Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 ТОКТОМ

 

2024-жылдын 24-июлундагы № 23                                                        

 

 

Калкты тейлөө борборун  куруу  үчүн

жер аянтын бөлүп берүү  жөнүндө

                     ____________________________________________________

 

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана  турак жай-коммуналдык  чарба  мамлекеттик агенттигинин  алдындагы   шаар куруу жана архитектура департаментинин  23.07. 2024-жылдагы  №01-1/898 чыгыш  сандуу катына ылайык,  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун  калкты тейлөө  борборун куруу  үчүн “Кара-Ой” жаны конушунан 1500,0м2  жер аянтын бөлүп берүү боюнча  сунушун угуп жана   талкуулап,   Күн-Чыгыш айылдык Кенеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1.Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин кезексиз сессиясынын 3-март, 2023-жылдагы №22 токтому жокко чыгарылсын.

 2.“Кара-Ой”  жаны конушунун  башкы планына өзгөртүү киргизүү  менен башкы планда  көп-функционалдуу соода түйүн куруу үчүн калтырылган  3032,5 м2  жер аянтынын   ичинен 1000,0м2  жер аянты  Кыргыз Республикасынын  Жер Кодексинин 32  беренесинин 4 пунктуна  ылайык,  калкты тейлөө  борборун  куруу үчүн бөлүнүп берилсин.

   3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы  Т.Рыспай уулуна   көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин   жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына    тапшырылсын.

 

Төрага                                             К.Карыпов