Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Күн-Чыгыш    айыл аймагынын жергиликтүү  Кенешинин  кезектеги 

 IV  сессиясы

 

2024-жылдын  27-июнундагы №20

 

 

Тон райондук мамлекеттик архивинин эски  имаратын   

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн   балансына өткөрүп   алууга

   макулдук берүү  жөнүндө

                               ______________________________________________

     

        Тон райондук мамлекеттик  архивинин 26.06.2024-жылдагы №01-4/15  чыгыш сандуу катына ылайык,   Тон райондук мамлекеттик  архивинин  эски  имаратын  айыл өкмөтүнүн   балансына  өткөрүп алуу  боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Рыспай уулунун  маалыматын угуп   жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып,  Күн-Чыгыш   айыл аймагынын жергиликтүү  Кенеши 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

      1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык,  Тон райондук мамлекеттик  архивинин  эски  имаратын Күн-Чыгыш  айыл    өкмөтүнүн  балансына өткөрүп жана документтештирип пайдаланып  алууга макулдук берилсин.

     2.  Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзамдарында  көрсөтүлгөн талаптарга  ылайык,  имаратты өткөрүп алуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Рыспай уулуна  тапшырылсын. 

 

Төрага                                                                                                  К.Карыпов