Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 22-апрели №13/111

 

 

Миӊ-Булак айыл аймагынын 2024-жылга айдап-себүү, оруп-жыйуу жана мал багуу, жайыт акыларын бекитүү жөнүндө

 

 Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б. Кошалиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз II сессиясы токтом кылат:

 

1.     Миӊ-Булак айыл аймагынын 2024-жылга айдап-себүү, оруп-жыйуу жана мал багуу, жайыт акылары төмөндөгүдөй бекитилсин.

Жазгы айдап себүүгө;

Жер айдоо (дыӊ жерге) 1200 сом, 30 л май;  Жер айдоо (аӊыз жерге) 1100 сом, 25 л май; Тырмоо 600 сом, 8 л май;  Себүү 600 сом, 8 л май;  Шакап 150 сом 3 л май.

Күзгү оруп жыйуу

Чөп чабуу (жадка) 1000 сом, 10 л май,  Престөө 7 сом, 10 л май

Урук чабуу 3000 сом, арпа, буудайга 2500 сом

 

Жайыт аты бир жылдык тариф:

Кой, эчкиге – 14 сом;  Уй, жылкыга – 70 сом; Топозго 100 сом

Сырттан келген малдарга бекитилген баадан эки эселенген акы алынсын.

 

2.     2024-жылга чабандардын көчүү, конуу мөөнөтү 5-майга чейин аяктасын, корук 25-апрелден 1-октябрга чейин жана чабандардын баккан малынын бир айлык эмгек акысы, төмөндө көрсөтүлгөн баа менен бекитилсин.

Кой, эчкиге- 70 сом; Бодо мал 350 сом

Чабынды чөп; 1 га 1000 сомдон

3.     Ушул  токтом,   каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg  веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

        4.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге  милдеттендирилсин.   

 

 

 

Төрага

 

А.Ж. Жамангулов