Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 ТОКТОМ

 

 Күн-Чыгыш    айыл аймагынын жергиликтүү  Кенешинин  кезектеги 

 IV  сессиясы

 

2024-жылдын  27-июнундагы № 18

 

 

Кажы-Сай айылдык Кенешинин 2023-жылдын 17-октябрындагы

 №24 сандуу токтомун жокко чыгаруу  жөнүндө

_______________________________________________  

                       

       Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн   муниципалдык менчигинде турган Горный проспект көчөсүнүн 41 үйүнүн  35 батири  Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк катары  каттоого алынып,   кыймылсыз мүлктү  каттоо  органдары тарабынан   2-04-01-1001-1081-01-035  сандуу идентификациялык код ыйгарылган.  Тон райондук сотунун  25.09.2013-жылдагы  ГД-306/13 И-6 чечими, Ысык-Көл областтык сотунун 02.07.2014-жылдагы аныктамасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2015-жылдагы токтому менен жогоруда аталган   даректеги турак-жай  Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болуп таанылгандыгына карабастан, Кажы-Сай айылынын Горный проспект көчөсүнүн 41 үйүнүн  35 батириКажы-Сай айылдык Кенешинин 2023-жылдын 17-октябрындагы №24  сандуу токтомуна ылайык (токтомдо 45 үй деп көрсөтүлгөн) Туркменова Гульнара Турдугуловнага жеке менчикке акысыз   бекитилип берилген.   Тон районунун прокуратурасы Күн-Чыгыш айылдык Кенешине  04.06. 2024-жылдагы №А24/118-07-00043 чыгыш сандуу  каршылык  билдирүү сунушун жиберип,  Кажы-Сай айылдык Кенешинин      2023-жылдын 17-октябрындагы №24  сандуу токтомун жокко чыгарып берүүнү талап  кылган.

       Тон районунун прокуратурасынын  каршылык билдирүү  боюнча сунушун угуп жана талкуулап,  Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү   Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

   1.Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларына карама-каршы келгендиктен, Кажы-Сай айылдык Кенешинин      2023-жылдын 17-октябрындагы №24  сандуу токтому жокко чыгарылсын.  

    2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   Күн-Чыгыш  айыл аймагынын жергиликтүү  Кенешинин регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

            Төрага                                                                         К.Карыпов