Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

Күн-Чыгыш    айыл аймагынын жергиликтүү  Кенешинин  кезектеги 

 IV  сессиясы

 

2024-жылдын  27-июнунун №16

 

 

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык,  калктуу конушка  курулуш курулуп калган жер тилкелерин жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө

                               ______________________________________________

     

       Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине  ылайык, калктуу конуштарга  курулуш курулуп  калган   жер  тилкелерин жеке  менчикке бекитип берүү  боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун  маалыматын угуп   жана талкуулап,  Күн-Чыгыш  айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

      1.Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине  ылайык, калктуу конуштарга  курулуш курулуп  калган   жер  тилкелерин жеке  менчикке бекитип берүүгө макулдук берилсин.

    2.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна     Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине  ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.

    3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин  жер, талаачылык, жайыт, агрардык маселелер  боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Төрага                                                                                                  К.Карыпов