Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 13-майы №14/112

 

                                    Жер аянтын  пайдаланууга өткөрүп берүү  жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын 32-беренесинин 4-пунктуна, 25-беренесинин      2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» №37 Мыйзамынын 15-беренесинин  1-пунктуна, 19-беренесине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесинин 2-пунктуна ылайык, калкка турак жай куруу үчүн жер аянтын чечип берүү максатында Миӊ-Булак айылдык  кеӊеши токтом кылат:

 

1.            Миӊ-Булак айыл аймагынын жер жана турак жай боюнча комиссиясынын 2024-жылдын  майындагы № 1 отурумунун токтому бекитилсин.

 

2. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылынан 0,5 га (А.Тыныбеков №39 көчөсү) Эмгекчил айылынан 0,5 га жер аянты (А.Токтоев №1 көчөсү) жер аянты турак жай куруу үчүн «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» ААК мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.

 

3. Турак жай куруу үчүн берилген  жер аянты,  ААК «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» 2028-жылга чейин иш жүргүзбөсө, мөөнөтү узартылсын же айыл өкмөтүнө кайтарылсын.

 

4. Бөлүнгөн жер аянтына тиешелүү чечим чыгарып берүү жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө сунушталсын.

          5. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы   Миң-Булак айылдык кеңешинин  катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

 

Төрага

 

А.Ж. Жамангулов