НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-сентябры № 88/XX-28
Нурманбет айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйындарынын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын,айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында,КР Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №215 Жарлыгы менен бекитилген “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобого” ылайык маселени карап чыгып Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйындарынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 5 адамдан бекитилсин./Тиркеме1/
2. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүк ченемине ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны 50 адам болуп бекитилсин./Тиркеме 2/
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүмдөргө бөлүү ченемдери (поселокторго, кичи райондорго, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына, кварталдарга, көчөлөргө, чарбаларга, үй чарбаларына ж.б.) бекитилсин./Тиркеме 3/
4. Жарандардын жыйналыштарын жана жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын саны ./Тиркеме 4/
5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Чүй облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
Н. Табыкеев |