Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 28-февралы №40/28-XIV

№90 контурга башкы планды даярдоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы №612 Токтомуна ылайык, макулдашуу менен Ысык-Ата райондук архитектуранын берген маалыматы боюнча, 2016-жылдын 10-октябрындагы №107 Туз айылдык кеңешинин токтомун кайра карап чыгуу жана тактоонун негизинде, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Туз айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура тарабынан жалпы аянты 1,4га түзгөн №90 контурдун башкы планы даярдалып берилсин.

2. Архитектура тарабынан 90-контурдун башкы планын жазатыш Туз айыл аймагынын башчысы А.Ш Дононбаевке жүктөлсүн.

3.  Бул токтомдун аткарылышы жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Туз айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Салтыкеев Б.К