Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 ТОКТОМ

 

 Күн-Чыгыш    айыл аймагынын жергиликтүү  Кенешинин  кезектеги 

 IV  сессиясы

 

2024-жылдын  27-июнунун №12

 

 

Административдик-аймактык реформанын  негизинде 

үнөмдөлгөн  акча каражатты бөлүштүрүү  жөнүндө

______________________________________________

             

       Административдик-аймактык  реформанын негизинде    үнөмдөлгөн  акча каражатты бөлүштүрүү  боюнча Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун  маалыматын угуп жана  талкуулап,  Күн-Чыгыш  айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

     1.Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин 14-февраль, 2024-жылдагы №5 токтомуна  өзгөртүү киргизилсин.

     2.“Кыргыз Республикасынын  айыл аймактарынын  жана шаарларынын  денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа  жүргүзүү  жөнүндө” Кыргыз               Республикасынын          Президентинин     2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын  7-февралындагы №24 Жарлыгы  менен бекитилген  пилоттук режимде  жүргүзүлүп жаткан  административдик-аймактык  реформанын негизинде  аппараттын эмгек акысынан  4039600 сом, соц фонддон 392300 сом, ЖКХнын Б.Мамбетов көчөсүн ондоодон 2243 600  сом үнөмдөлгөн.  Баардыгы 6 675 500 (алты миллион алты жүз жетимиш  беш мин беш жүз) сом акча каражаты  төмөндөгүдөй беренелер аркылуу пайдаланылсын.

-3111-Бөкөнбаев айылынын Атакан-Б.Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотууга -691000 сом;

-2511-Жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча жарыяланган  үч айлыктын алкагында “Күн-Чыгыш” муниципалдык ишканасы аркылуу чарбалык жумуштарды жасоо үчүн-100000 сом;

-2214- “Чокмор ата”  БСРине күйүүчү май үчүн-15000 сом;

-2222-   “Уй-Сарай” БСР    жасоо   үчүн 111000 сом;

-2214- Жайкы туристтик мезгилинде  участкалык милициялар аркылуу  Кажы-Сай, Тон айылдарына   коомдук тартипти камсыздоо үчүн-15000 сом;

-3112-Кажы-Сай, Тон айылдарындагы пляждарга  видео камераларды орнотуу  үчүн-200 000  сом;

-2215- Жайыт комитетинин калдык акчасын которуу  үчүн-59300 сом;

-2511- “Күн-Чыгыш” муниципалдык ишканасына субсидия үчүн-1000500 сом;

-2215-Курман айт, орозо айт майрамдарын өткөрүүгө-100 000 сом;

-2215- “Намазбек Баатыр” атындагы  спорт комплексине кошумча  курулуштун долбоордук-сметалык документтерин даярдоого-300 000 сом;

-2215- Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө салынган  айып пулдарды  төлөөгө-150 000 сом;

-3111-Кажы-Саз айылындагы 3 сааттык  бала бакчага өздүк салым үчүн-171100 сом;

- №1 бала бакчанын чарбалык   чыгымдары  үчүн -2943700 сом. Анын ичинен:

-2222- бала бакчага килем, палас алуу үчүн-249 500 сом;

-3112- бала бакчага видео көзөмөл жабдууларын алуу  үчүн 94790 сом;

-2221-бала бакчанын учурдагы  ремонт иштерине-123 100 сом;

-2222- бала бакчага канцелярдык товарларды  жана чарба товарларды  алуу үчүн-281 685 сом;

-3112-бала бакчага  эмеректерди жана интерактивдүү  доска алууга-896200  сом;

-2222-бала бакчага идиш-аяк алуу  үчүн -257 800 сом;

-3111- бала бакчага жайкы ашкана  жасоого -869 022  сом;

- 3111- бала бакчага таштанды аянтчасын курууга-171603 сом;

-2221-Кажы Саз айылынын №4 бала бакчанын  учурдагы ремонту үчүн- 80000  сом;

-2221 -№2 бала бакчанын учурдагы ремонту  үчүн-336000 сом;

-2212 -иш сапар чыгымдарына -13200 сом;

-2215-тайпаларда улуттук стилдеги аянтчаларды жасоого-94 200 сом;

-2224-көмүр сатып алууга 220 000 сом;

-2212-телефон жана факсималдык байланыш чыгымдарына-19900 сом;

-2231-суу төлөмдөрүнө -55600 сом.

    3.Кажы-Сай  айылдык Кенешинин 27-январь, 2024-жылдагы №2 токтомуна өзгөртүү киргизилсин жана  3 тиркемесине ылайык, атайын эсеп счетунан каралган 418800 сом акча каражаты  тамак-аш чыгымдарына  көбөйтүлсүн.

    4. Ведомстволук  күзөт кызматына  каралган  2215 беренесиндеги 83600 сом  акча каражаты  2225 беренесине жылдырылсын.

Баардыгы: 6 675 500

     5.Бюджеттин так жана туура аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна  жана  финансы-экономика бөлүмүнүн   башчысы С.Борбодоевге  милдеттендирилсин.

     6.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү Кенешинин  бюджет боюнча  туруктуу  комиссияга тапшырылсын.

 

     Төрага                                              К.Карыпов