Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Күн-Чыгыш    айыл аймагынын жергиликтүү  Кеңешинин  кезектеги 

 I  сессиясы

 

2024-жылдын  29- февралынын №7

 

 

Күн-Чыгыш  айыл аймагынын  жергиликтүү кеңешинин  ченемдик

укуктук актыларын мамлекеттик тилде  (кыргыз тилинде) 

кабыл  алуу жөнүндө

_______________________________________________  

           

             Күн-Чыгыш айыл аймагында жашаган калктын 99,9 пайызы кыргыз улутунда болуп,  калган 0,1 пайызы мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) өздөштүрө тургандыгын эске алып,   Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү   Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

   1.Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү кеңешинин  ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) кабыл алынсын.

    2.Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын  укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.

    3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын  өзүмө калтырам.

 

 

            Төрага                                                                         К.Карыпов