Редакцияот 05.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын  5-июлу  №15/115

 

           Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы “Кара-Бүк” участкасындагы №2192 контурунда жайгашкан жерди мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке алуу үчүн макулдук берүү  жөнүндө.  

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Чекировдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-статьясынын негизинде Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун прокуратурасынын 02.07.2024-жылдагы №11-368/24 талап кылынган чечимине ылайык Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Эмгекчил айылындагы “Кара-Бүк” участкасындагы №2192 контурунда жайгашкан эски ипподромдун 8 га жерин Мамлекеттик менчиктен Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине, балансасына алууга макулдук берүү боюнча Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  III   сессиясы токтом кылат:

 

1.                  Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы “Кара-Бүк” участкасындагы №2192 котурунда жайгашкан эски ипподромдун 8 га жерди Мамлекеттик менчиктен Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке баланска алуу үчүн макулдук берилсин.  

         2. Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп  min-bulak.gov.kg  веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын   айылдык кеӊешинин  катчысы А. Жолдошов тапшырылсын.

 

         3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн  орун басары С.Чекировго    милдеттендирилсин.

 

 

  

Төрага

 

А.Ж. Жамангулов