Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 ТОКТОМ

Күн-Чыгыш    айыл аймагынын жергиликтүү  Кенешинин  кезектеги 

 I  сессиясы

 

2024-жылдын  29- февралынын № 4

 

 

“Күн-Чыгыш  айыл аймагынын  жергиликтүү кенеши” мекемесинин

  Регламентин   бекитүү жөнүндө»

_______________________________________________  

           

             Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинин 1-пунктуна   ылайык, Кыргыз Республикасынын  2021-жылдын   20-октябрындагы № 123  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын                  13-январдагы №3 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын  жетекчиликке алып, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү   Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

   1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинин 1-пунктуна   ылайык,  “Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  кеңеши” мекемесинин   Регламенти  ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин. Тиркеме 9 баракта

    2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын  өзүмө калтырам.

 

 

            Төрага                                                                         К.Карыпов