КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июну № 75/XXVIV-23
«Айыл чарба багытындагы жерлерин», «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
«Эко Энерджи» ЖЧК кайра жаралуучу энергия булактарын «Жел-Аргы» коктусунан 198,73 га жер аянтына (күн батареяларын орнотуу) инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында, «Айыл чарба багытындагы жерлерин» “Жайыт жеринен” башка категориясына «Өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика жана башка багыттагы жерлерге» которуу (трансформациялоо) жөнүндө катын карап.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын башчысы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына «Айыл чарба багытындагы жерлерин (жайыт) категориясынан «Өнөр жай, транспорттук, коммуникация, энергетика жана башка багыттагы жерлер» категориясына, кайра жаралуучу энергия булактарына (күн батареяларды орнотуу) инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында “Жель-Аргы коктусунан 198,73га жер аянтын башка багыттан, башка багыттка которуу (трансформациялоо) боюнча материалдарды даярдоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Асанов Т.А. жүктөлсүн.
Төрага | Э.М. Кочкоров |