Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

Күн-Чыгыш    айыл аймагынын жергиликтүү   Кенешинин  кезектеги

I сессиясы

2024-жылдын  29- февралынын № 3

 

“Күн-Чыгыш  айыл аймагынын  жергиликтүү кенеши” мекемесин  Уставын

бекитүү жөнүндө»

_______________________________________________

             Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын    2009-жылдын 20-февралындагы №57  “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын                      21-беренесине  ылайык, Кыргыз Республикасынын  2021-жылдын   20-октябрындагы            №123  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын                  13-январдагы №3 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын  жетекчиликке алып, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү   Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

   1.“Күн-Чыгыш  айыл аймагынын  жергиликтүү кеңеши” мекемесинин  Уставы ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин. Тиркеме 7 баракта

   2. Бул токтом анда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендигин жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик органдар жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылганын ырастайт.      3.Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  кеңешинин ушул токтому, Уставы  Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.      4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын  өзүмө калтырам.

Төрага                                                                         К.Карыпов                                                                                  

 

 

 

 

 

 

 

“Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  Кенеши” мекемесинин  29-февраль, 2024-жылдагы №3  токтому менен  бекитилген.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  кеңеши» мекемесинин                                                                    Уставы  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                       Бөкөнбаев айылы 2024-жыл                           «Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  кеңеши»  мекемесинин                                                                    Уставы    1. Жалпы жоболор  2. Жергиликтүү  кеңештин компетенциясы  3. Жергиликтүү  кеңештин ачыктыгы  4. Жергиликтүү  кеңештин ченемдик укуктук актылары  5. Жергиликтүү  кенештин түзүмү жана органдары  6. Жергиликтүү  кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары  7. Жергиликтүү  кеңештин туруктуу жанан убактылуу комиссиялары  8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары  9. Жергиликтүү  кеңештин туруктуу комиссияларынын  отурумдары  10. Жергиликтүү кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен болгон мамилелери  11. Жергиликтүү  кеңештин айыл өкмөтү менен болгон мамилелери  12. Жергиликтүү  кеңештин ишмердүүлүгүн финансылык жактан камсыздоо  13. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана жергиликтүү кеңештин ишин токтотуунун тартиби

 1. Жалпы жоболор

1.1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына ылайык,       «Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  кеңеши» мекемеси (мындан ары текст боюнча-«Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  кеңеши» мекемеси) Күн-Чыгыш  айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

1.2.Жергиликтүү  кеңештин депутаттары өз функцияларын аткарууну  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү биринчи сессиянын күнүнөн тартып башташат жана кийинки чакырылыштагы жергиликтүү  кеңеш биринчи сессияны өткөргөн күнү ишин токтотушат. Чакырылыштын мөөнөтү 4 жыл.

1.3 «Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  кеңеши» мекемесинин ушул Уставы (мындан ары текст боюнча - Устав) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарына   жана Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык,   иштелип чыккан.

1.4. Жергиликтүү  кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына кирген маселелерди өз алдынча чечет, ал кабыл алган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат, бул чечимдердин турмушка ашырылышын көзөмөлдөйт жана юридикалык жактын статусуна ээ.

1.5.Жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Устав менен аныкталат.

1.6. Жергиликтүү  кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы сессия болуп саналат.  1.7. Жергиликтүү  кеңештин Уставы жергиликтүү  кеңештин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун тартибин, аны уюштуруунун жана ишинин, жергиликтүү  кеңештин органдарын түзүүнүн маселелерин белгилейт, ошондой эле анын контролдук ишинин жол-жобосун жана тартибин аныктайт.

1.8. Жергиликтүү кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, объективдүүлүк, депутаттар тарабынан маселелерди эркин талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу принциптерине негизделет. Маселелерди талкуулоого чакырылган адамдар катыша алышат. Жергиликтүү  кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт.

1.9. Жергиликтүү кенешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле ушул Уставда белгиленген кепилдиктердин негизинде өз укуктарын жана милдеттерин тоскоолдуксуз жүзөгө ашырууга укуктуу.   Жергшиликтүү  кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  токтомдорун жана чечимдерин, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставын, ушул Уставды жетекчиликке алат.

1.10.Жергиликтүү  кеңештин толук фирмалык аталышы:  -Мамлекеттик  тилде «Күн-Чыгыш  айыл аймагынын  жергиликтүү  кенеши» мекемеси;

-Расмий тиле: Учреждение «Местный  Кенеш Кун-Чыгышского айылного аймака»;

1.11.Уюштуруу-укуктук формасы: мекеме.

1.12. Жергиликтүү  кеңештин мамлекеттик символикасы бар мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штамптары болот.

1.13. Жергиликтүү  кеңештин юридикалык дареги: почта индекси   722300, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл  облусу, Тон району, Бөкөнбаев айылы, Базаров көчөсү, 51, телефон/факс (03947) 91-3-90.

2. Жергиликтүү  кеңештин компетенциясы

2.1. Жергиликтүү  кеңеш "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,  төмөнкү маселелерди карайт жана чечимдерди кабыл алат:

1)жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;  2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы  жана   бюджеттен  тышкаркы  фонддордун  пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;

3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө;  4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;

5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышын контролдоо;  6) Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иши жөнүндө отчетту угуу;  7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

8)жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

9) Күн-Чыгыш  айыл аймагынын администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында иштеп чыгуу;  10) жергиликтүү кеңештин төрагасын жана анын орун басарларын  шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, айылдык кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

11) жергиликтүү  кеңештин Регламентин кабыл алуу;

12) өз чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө;

13) Күн-Чыгыш айыл аймагынын   айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде бекитүү;

14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалангандыгы үчүн, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;  15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын сатуунун убактысы жана орду боюнча чектөөлөрдү белгилөө;

16) ирригациялык тармактарды, үй жана үйдүн жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;  17) Айыл аймакта белгиленген наам, сыйлыктарды  ыйгаруу;  18) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, башка маселелерди чечүү.

3.Жергиликтүү  кеңештин ишинин ачыктыгы

3.1. Жергиликтүү  кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран жергиликтүү  кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык,  сессияларга катышууга укуктуу.  3.2. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тиешелүү болсо, жергиликтүү  кеңеш жабык сессия өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.  3.3. Жергиликтүү кеңеш жарандарды сессиянын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын-ала маалымдоо боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кирүүсү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү коомчулукка маалымдоого милдеттүү.

4. Жергиликтүү   кеңештин ченемдик укуктук актылары

4.1. Жергиликтүү  кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.  4.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү  кеңештин токтомдору сессияда жергиликтүү  кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4.3. Жергиликтүү  кеңештин токтомдоруна жергиликтүү  кеңештин төрагасы кол коет. Жергиликтүү  кеңештин төрагасы жок болгон учурда жергиликтүү   кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына жергиликтүү  кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.

4.4. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жергиликтүү  кенештин токтомдору Күн-Чыгыш  айыл аймагынын аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар жана алардын бирикмелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдары, Күн-Чыгыш  айыл аймагында жашаган жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.

5. Жергиликтүү   кенештин түзүмү

5.1.Жергиликтүү   кеңеш 43 депутаттан турат.

5.2.Жергиликтүү  кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен анын компетенциясына кирген ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.  6. Жергиликтүү   кеңештин төрагасы

6.1.Жергиликтүү  кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

6.2. Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугуна депутаттык фракция же 5 депутаттан кем эмес сандагы топ ээ.

6.3. Жергиликтүү  кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана шайлоонун башка жол-жоболук маселелери айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.

6.4. Жергиликтүү  кеңештин төрагасы:

1) жергиликтүү   кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;  2) жергиликтүү  кеңештин иш планын бекитүүгө киргизет;  3) жергиликтүү  кеңештин сессиясын даярдоого жалпы жетекчилик кылат, маселени алдын-ала иликтөө жана алар боюнча тиешелүү корутундуну (чечимди) жергиликтүү кеңештин сессиясына киргизүү үчүн маселелерди туруктуу комиссияларга жөнөтөт;

4)жергиликтүү  кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоорун түзөт;  5)жергиликтүү кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышын жана аткарылышын контролдоону уюштурат;

6) сессиялардын ортосундагы мезгилде зарыл болгон учурда Кеңештин атынан талап кылынган жер боюнча ишеним каттарга же зарыл документтерге кол коет;  7) жергиликтүү  кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;  8) катталган депутаттык топтордун ишине көмөк көрсөтөт, алардын ишин координациялайт;  9) депутаттарга өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, жарандарды кабыл алууда, шайлоочулар алдындагы  отчеттордо көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди карайт;

10)жергиликтүү кеңештин ишинин маалымдуулугун камсыз кылат;  11) мамлекеттик органдар, сот, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мамилелерде жергиликтүү  кеңештин атынан чыгат;  12) жергиликтүү  кеңештин ишкердик беделин, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт;

13) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кат берет;  14) ушул Уставга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.  6.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укуксуз.  6.6. Жергиликтүү  кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, жергиликтүү  кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

6.7.Жергиликтүү  кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.

6.8. Жергиликтүү  кеңештин төрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кеңештин төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.

6.9 Жергиликтүү  кеңештин төрагасынын орун басарлары  жергиликтүү  кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда анын милдетин аткарат.

6.10. Жергиликтүү   кеңештин төрагасынын орун басарлары  өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт. Жергиликтүү  кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасынын алмаштырган учурда ушул Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.

6.11. Жергиликтүү  кеңештин төрагасы жана анын орун басары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузгандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

7.Жергиликтүү  кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

7.1. Комиссиялардын тизмесин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин жергиликтүү кеңеш аныктайт. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде жергиликтүү  Кеңеш зарыл болгон учурда жаңы туруктуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөн комиссияларды жоет жана кайра уюштура алат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.  7.2. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү  кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү  кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ. Жергиликтүү  кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына жергиликтүү  кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайлана албайт.

7.3. Туруктуу комиссиянын төрагасын жана курамын бекитүү  жергиликтүү  кеңештин токтому менен таризделет.

7.4. Туруктуу комиссиянын жана жергиликтүү  кеңештин төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү  кеңеш туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.  7.5. Туруктуу комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары жергиликтүү   кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.  7.6. Жергиликтүү  кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун жана ишинин тартиби жергиликтүү  Кеңештин Регламенти жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен аныкталат.

7.7. Жергиликтүү  кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишине окумуштууларды, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга укуктуу.  7.8. Жергиликтүү  кеңештин туруктуу комиссиялары алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышат.  7.9. Жергиликтүү  Кеңеш зарыл болгон учурда анын компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле иликтөө же изилдөө үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.

7.10. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү алар түзүлгөндө аныкталат.

7.11. Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу менен токтотулат.  7.12. Убактылуу комиссия өз ишин жергиликтүү  кенештин туруктуу комиссиялары үчүн белгиленген тартипке ылайык жүргүзөт.

8. Жергиликтүү  кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

8.1. Күн-Чыгыш айыл аймагынын  экономикалык, социалдык жана улуттук-маданий өнүгүүсүнө байланышкан,  жергиликтүү Кенештин  кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого катышат.

8.2. Күн-Чыгыш айыл аймагынын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча жергиликтүү  кеңешке сунуштарды киргизет.  8.3. Күн-Чыгыш  айыл аймагынын экономикалык өнүгүү пландарынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карашат, алар боюнча өздөрүнүн корутундуларын  даярдашат.

8.4.  Жергиликтүү  Кеңеш кабыл алган чечимдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

8.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жергиликтүү  Кеңештин Регламенти тарабынан берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.  8.6. Жергиликтүү  кеңештин туруктуу комиссиялары алардын карамагына кирген маселелер боюнча Күн-Чыгыш  айыл аймагында жайгашкан  мамлекеттик органдарынын,  муниципалдык  ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.

9. Жергиликтүү  кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары

9.1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.

9.2. Туруктуу комиссиялардын жыйындарына бул комиссиялардын мүчөлөрү болуп саналбаган жергиликтүү  кеңештин депутаттары кеңеш берүүчү добуш укугу менен катыша алышат.  9.3. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү   кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан биргелешип даярдалышы жана каралышы мүмкүн.

9.4. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү ачык добуш берүү менен өз курамынан төраганы жана төраганын орун басарын шайлашат, аларды жергиликтүү   Кеңеш ачык добуш берүү менен бекитет.

9.5. Туруктуу комиссияларга жетекчиликти тиешелүү комиссиялардын төрагалары жүзөгө ашырат. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү  кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет беришет.  Туруктуу комиссиялардын чечимдери жергиликтүү  кеңештин сессиясынын чечими менен жокко чыгарылышы мүмкүн.

9.6. Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.

10. Жергиликтүү  кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери

 10.1. Жергиликтүү  кеңештин мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилеси Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

10.2. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү  кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.

10.3. Жергиликтүү  кеңеш мамлекеттик бийлик органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.

10.4. Аймактын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча жергиликтүү  кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйындарына катышуу үчүн тиешелүү мамлекеттик  органдардын  өкүлдөрүн чакыра алат.

10.5. Жергиликтүү  кеңеш жергиликтүү жамаатка ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү кыйла натыйжалуу жана ыкчам сунуштоону камсыз кылуу үчүн мамлекеттик жана башка органдар менен кызматташа алат.

10.6. Жергиликтүү   кеңеш тиешелүү мамлекеттик органдар менен  аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча кенешмелерди  жана талкууларды өткөрүп турат.

 11. Жергиликтүү  кеңештин Күн-Чыгыш   айыл өкмөтү менен өз ара мамилелери

11.1. Жергиликтүү   кенеш менен  Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн  менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын  колдонуудагы  мыйзамдарында ылайык жүргүзүлөт.  

11.2. Күн-Чыгыш  айыл аймагынын жергиликтүү   кеңеши жана айыл өкмөтү ишканалардын жана уюмдардын ишине, чарбакер субъекттердин иштөө режимине, калктын турмуш-тиричилигине байланыштуу эрежелерге жана башка маселелерге тиешелүү өз токтомдорун жана чечимдерин бири-бирине жөнөтүшөт.

11.3. Жергиликтүү  кеңеш Күн-Чыгыш  айыл аймагынын айыл өкмөтү менен бирдикте айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын турмушка ашыруу үчүн ар кандай комиссияларды жана коомдук структуралардын башка формаларын уюштура алат.  11.4. Жергиликтүү  кеңеш менен Күн-Чыгыш  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда талаш маселелерди чечүү үчүн макулдашуу комиссиялары түзүлүшү мүмкүн.

 12. Жергиликтүү   кеңештин ишин финансылык жактан камсыз кылуу

12.1. Жергиликтүү  кеңешти каржылоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте Күн-Чыгыш  айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.