Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

Күн-Чыгыш айыл аймагынын   жергиликтүү  кеңешинин  VII-чакырылышынын кезектеги  I сессиясы

 

2024-жылдын  29- февралынын №2                                      

 

Күн-Чыгышайыл аймагынын жергиликтүү  кеңешин

мамлекеттик каттоодон өткөрүү  жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын  айыл аймактарынын  жана шаарларынын  денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа  жүргүзүү  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2024-жылдын  7-февралындагы №24 Жарлыгы  менен бекитилген  пилоттук режимде  жүргүзүлүп жаткан  административдик-аймактык  реформанын алкагында жергиликтүү Кеңештердин иши жөнүндө   убактылуу Жобону жетекчиликке алып, Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү кеңеши  токтом кылат:

1.“Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  кеңеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген  пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан  административдик-аймактык  реформанын алкагында  жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндөгү Жобонун  негизинде үч айылдык кеңештеринин (Кажы-Сай,  Тон, Күн-Чыгыш)   бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  кеңеши” мекемеси  мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.  

2.Жергиликтүү  кенештин уюштуруу-укуктук формасы-мекеме.

Жергиликтүү кеңештин  толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: "Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү  кеңеши " мекемеси;

- Расмий тилде: Учреждение "Местный кенеш  айыльного аймака Кун-Чыгыш"

Жергиликтүү кенештин кыскартылган   фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: " Күн-Чыгыш жергиликтүү  кеңеши" м-и.

- Расмий тилде: У-е "Местныйкенеш Кун-Чыгыш"

3. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Тон  району, Бөкөнбаев  айылы, Базаров көчөсү  үй № 51.

4. Күн-Чыгыш  айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  Жобосу жаны редакцияда бекитилсин.

5.Кажы-Сай, Тон, Күн-Чыгыш  айылдык кеңештеринин  өткөрүп берүү актылары бекитилсин.

6.”Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемесин Ысык-Көл областтык юстиция  башкармалыгынан  мамлекеттик каттоодон  өткөрүү жагы жергиликтүү   Кенештин жооптуу катчысы М.Кыдырбаевге  милдеттендирилсин.

Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимде  андагы  көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Төрага                          К.Карыпов