КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
/VII-чакырылышынын/ ХХХI СЕССИЯСЫНЫН
2024-жылдын 14- февралындагы №6
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 01.01. 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
_______________________________________________
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 01.01. 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин калган акча каражатын бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы В.С.Абдулдаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин негизинде Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 01.01.2024-жылга калган акча каражаты бардыгы болуп 18492,8 мин сом анын ичинен 17518,7 мин сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен , ал эми 974,0 мин сом атайын эсептеги каражаттардын негизинде бекитилсин.
2.Бюджеттин так жана туура аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.К Шакировага жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер В.С.Абдулдаевага милдеттендирилсин. . 3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов
Катчы М.Кыдырбаев