ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXVII- сессиясынын
2024-жылынын 12-сентябры №57
“Комсомол айылынын “Манас” калктуу конушундагы социалдык объекттер үчүн калтырылган жерден 0,50га жерди убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарына караштуу Комсомол айылындагы “Манас” калктуу конушундагы социалдык объекттер үчүн калтырылган жер аянтынан 0,50 га жер аянтын “Адеми” балдар бакчасынын эмгек жамаатына убактылуу берип турууга макулдук берүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 12.09.2024-жылдагы 01-17/1566 каты Токтогул шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, мыйзамдуулук, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча”туруктуу комиссиясынын 12.09.2024-жылдагы жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы, токтом кылат:
- Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, “Адеми” балдар бакчасынын эмгек жамаатынын өтүнүчү канааттандырылсын.
- Токтогул шаарына караштуу Комсомол айылындагы “Манас” калктуу конушундагы социалдык объекттер үчүн калтырылган жерден 0,50 га жер аянты “Адеми” балдар бакчасында тарбиялануучу балдардын тамак-ашына керектелүүчү экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди өстүрүү үчүн убактылуу пайданууга берилсин.
- Аталган жерди максаттуу пайдалануу үчүн эки тараптуу келишим түзүлсүн, убактылуу пайдалануучуга алдын ала билдирме берүү менен, жерди кайтарып алуу шарты келишимге киргизилсин.
- Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Кенжеев) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: |
Т.К.Өзүбеков |