КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
/VII чакырылышынын кезектеги ХХХ сессиясы
2024-жылдын 9 – февралындагы №3
Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча айрым салыктардын
зоналдык коэфицентин көтөрүү жөнүндө
_____________________________________________________
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында 2024-жылдын 1-январынан тартып, салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфицентти 1,6 коэфицентке көтөрүү боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы В.Абдулдаеванын, кирешелер боюнча башкы адис Г.Оморованын маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4 пунктуна ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып, Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфицент 1,6 болуп бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Шакировага тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов