ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXVII- сессиясынын
2024-жылынын 12-сентябры №58
“Куйбышев айылынын жашоочусу Э.Э.Кудашалиевдин арызын кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарына караштуу Куйбышев айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун эски имаратын убактылуу жашап турууга уруксат берүү боюнча Куйбышев айылынын жашоочусу Э.Э.Кудашалиевдин 02.09.2024-жылдагы арызынын, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 12.09.2024-жылдагы №01-17/1566 сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, мыйзамдуулук, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча”туруктуу комиссиясынын 12.09.2024-жылдагы жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы, токтом кылат:
- Куйбышев айылынын жашоочусу Э.Э.Кудашалиевдин арызы канааттандырылсын.
- Токтогул шаарына караштуу Куйбышев айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун эски имараты ушул айылдын жашоочусу Э.Э.Кудашалиевдин үй-бүлөсүнө убактылуу жашап турууга берилсин.
- Аталган имарат жергиликтү маанидеги башка маселелерди чечүүгө керек болгон учурда, алдын ала бир ай мурда эскертүү берүү менен, аталган имаратты токтоосуз бошотуп берүү жагы арыз ээси Э.Э.Кудашалиевге жазуу жүзүндө милдеттендирилсин.
- Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Кенжеев) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: |
Т.К.Өзүбеков |