Редакцияот 02.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТУП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

Биргелешкен токтом

2024-жылдын 29-августундагы  №249

 

Балбай айыл аймагына караштуу Келечек айылын Түп айыл

аймагынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

 

            Балбай айыл аймагына караштуу Келечек айылынын тургундарынын Түп айыл аймагынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө кайрылууларын угуп, Балбай жана Түп айылдык кеңештеринин депутаттарынын маалыматтарын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 1п., 113-беренесинин 3п., 2021-жылдын 20-октябрь №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 17-п., 63-беренесинин 1-п. таянып, Балбай жана Түп айылдык кеңештеринин XXVIII-чакырылышынын бириккен сессиясы

токтом кылат:

1.     Балбай айыл аймагына караштуу Келечек айылы Түп айыл аймагынын карамагына өткөрүлүп берилсин. Балбай айыл аймагынын айыл өкмөтү мыйзам чегинде тиешелүү иш-кагаздарын даярдоого милдеттендирилсин.

2.     Балбай айыл өкмөтү менен Түп айыл өкмөтү Келечек айылын Түп айыл аймагынын карамагына өтүп жаткан иш-аракеттеринен жаралган маселелерди: салыктын төлөмдөрү, жерди ээлөө жана чек араларын аныктоо, жана башка ушуга окшогон маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө иш-аракеттерин жумшасын.

3.     Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүбүзгө калтырылат.

Балбай айылдык кеңешинин                             Түп айылдык кеңешинин

төрагасы                                                                төрайымы

__________Т.Т.Омуралиев                                _________А.О.Орозбекова