Редакцияот 02.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТУП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМУ

 

Түп  айылдык  кенешинин ХХVIII-чакырылышынын 

XXVII-cессиясынын

 

2024-жылдын  16-майынын № 235                                            

 

Келечек айылын Түп айыл аймагынын карамагына

өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-беренесин жана    Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын XXVII-cессиясы токтом кылат:

 

1.     “Келечек айылы” макамын алган мурунку Пристань, Маслозавод,

Сельэнерго конуштарынын жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү коомдоштуктардын кызыкчылыгын коргоо максатында Балбай айыл аймагынын “Келечек” айылын, Түп айыл аймагынын карамагына өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

2.    Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышы Түп айыл өкмөтүнүн башчысы

Э.А.Чоркозовго милдеттендирилсин.

Тѳрайым                                                                       Орозбекова А.О.