2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 445 токтомуна)
Уюмдарда жана объекттерде ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызматтардын ишин жүзөгө ашыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Уюмдарда жана объекттерде ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызматтардын ишин жүзөгө ашыруу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында ведомстволук өрткө каршы кызматтардын ишин жүзөгө ашыруу тартибин белгилейт.
2. Бул Эрежелерде колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызмат - өрттү алдын алууну жана өчүрүүнү уюштуруу үчүн объектте түзүлүүчү өрттөн коргоо бөлүгү;
өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү - өрткө каршы кызматтардын өрттүн андан ары жайылуу мүмкүнчүлүгүн алдын алуу жана болгон күчтөр жана каражаттар менен аны ийгиликтүү жоюу үчүн шарттарды түзүү, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү, өрттөн келтирилген зыянды азайтуу боюнча иши;
өрттү алдын алуу - өрт чыгуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого жана алардын кесепеттерин минималдаштырууга багытталган алдын алуу чараларынын жыйындысы;
негизги өрт өчүрүүчү автомобилдер - өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын, өрт өчүрүүчү заттарды чакырылган жерге жеткирүү жана күйүү зонасына өрт өчүрүүчү заттарды (суу, порошок, инерттик газдар ж.б.) берүү, ошондой эле өздүк курам тарабынан биринчи кезектеги авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүгө багытталган өрт өчүрүүчү автомобилдер;
атайын өрт өчүрүүчү автомобилдер - өрт учурунда атайын жумуштарды аткарууну камсыз кылууга багытталган өрт өчүрүүчү автомобилдер;
нөөмөт сменасы - өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча милдеттерди аткарууга бөлүмдүн даярдыгын үзгүлтүксүз кармап турууну камсыз кылуу үчүн багытталган суткалык наряд.
3. Ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызматтардын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) объекттеги өрттү алдын алуу жана өчүрүү;
2) объектте авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү.
4. Негизги милдеттерге ылайык ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызмат чыгуучу техникасы бар жана чыгуучу техникасы жок түзүлөт:
1) чыгуучу техникасы менен - куралдануусунда негизги жана атайын өрт өчүрүүчү автомобилдер же башка ыңгайлаштырылган транспорт каражаттары болгон өрт өчүрүү деполору;
2) чыгуучу техникасы жок - өрт өчүрүү посттору, алардын кызматкерлери ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн ичинен өрттү алдын алуу (профилактикалоо) боюнча ишти жүзөгө ашырат жана бул максаттар үчүн өрт өчүрүүнүн стационардык, мобилдүү же кол каражаттарын пайдалануу менен өрттүн өнүгүшүнүн баштапкы стадиясында өрттү өчүрүүгө катышат.
5. Ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызматка ишке он сегиз жашка толгон жана өрткө каршы кызматтардын адистерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы атайын даярдоо боюнча курстан өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат.
6. Ведомстволук өрткө каршы кызматтын ишин координациялоо жана өрт менен күрөшүүгө даярдыгын контролдоо өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.
2-глава. Ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызматтардын ишин уюштуруу тартиби
7. Ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызматтын ишин уюштуруу тартиби ушул Эрежелерге ылайык объекттердин жетекчилери тарабынан аныкталат.
8. Бир ведомстволук өрткө каршы кызматтын үлүштүк катышкан жана ведомстволук өрткө каршы кызматтын ченемдик чыгуу радиусунда жайгашкан бир нече объекттерди тейлөөсүнө жол берилет.
9. Объекттик өрткө каршы кызматтардын ишин уюштурууну регламенттөөчү документтер ушул Эрежелеринин 1-тиркемесине ылайык объекттердин жетекчилери тарабынан түзүлөт.
10. Ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызмат туруктуу (күнү-түнү) даярдыкта турат.
11. Чыгуучу техникасы бар ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызматтын өрт өчүрүү деполорунун негизги бирдиги болуп эсептөө командири (сменанын жетекчиси) башчылык кылуучу өрт өчүрүүчү автомобилде эсептөө саналат. Эки жана андан ашык өрт өчүрүүчү автомобиль болгондо өрт өчүрүү бөлүгүндө кароолдор түзүлөт, аларга кароолдордун башчылары (сменанын жетекчилери) башчылык кылат.
12. Чыгуучу техникасы бар өрт өчүрүү бөлүктөрүндө өрттү алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн объекттин жетекчисинин чечими боюнча инструкторлор менен өрттү алдын алуу топтору түзүлөт, ошондой эле объектте өрт коопсуздугу үчүн жооптуу кызмат адамдарына жол берилет.
13. Чыгуучу техникасы жок ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызмат түзүлгөн объекттерди өрттөн коргоо ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн мүчөлөрүнүн ичинен өрт инструктор-өрт өчүрүүчүлөр (нөөмөттүк сменада 2 штаттык кызматкерден кем эмес) тарабынан ишке ашырылат.
14. Күчтөрдү, каражаттарды ыкчам башкарууну жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн өрт өчүрүү бөлүктөрүндө жана объекттик өрткө каршы кызматтардын постторунда объекттин жетекчисинин чечими боюнча төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу байланыш пункттары түзүлөт:
1) өрт, авария жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алууну;
2) өрт өчүрүүчү автомобилдерде эсептерди чакыруу болгон жерге жиберүүнү;
3) тескемелерди берүүнү, өрт чыккан жерден маалымат алууну жана өрттү өчүрүү үчүн тартылган кызматтар менен өз ара аракеттенүүнү.
Өрт өчүрүү депосунун (постунун) байланыш пункту өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жакынкы бөлүмүнүн байланыш пунктунун байланыш каналы менен камсыз кылынат.
15. Өрт өчүрүүчү автомобилдер мобилдик радиостанциялар менен камсыздалат. Ошондой эле көчмө байланыш каражаттары менен өрт өчүрүүнүн жетекчиси, нөөмөттө турган жана иштөө шарттары боюнча өрт өчүрүү бөлүгүнүн жана постунун туруктуу жайгашкан жеринен тышкары турган кызматкерлер камсыз кылынат.
16. Өрт өчүрүү деполорунда жана посттордо дем алуу үчүн жараксыз чөйрөдө иштөө мүмкүнчүлүгү үчүн объекттин жетекчисинин чечими менен газ-түтүндөн коргоо кызматы түзүлөт.
17. Ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызмат үчүн негизги өрт өчүрүүчү автомобилдердин саны ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык аныкталат. Ведомстволук өрткө каршы кызматты күтүүгө объекттердин үлүштүк катышуусунда негизги өрт өчүрүүчү автомобилдердин саны суунун эң көп чыгымдалышын талап кылган объект боюнча аныкталат.
18. Объекттерде өрттү өчүрүү үчүн зарыл болгон негизги өрт өчүрүүчү автомобилдерди оңдоодо жана/же техникалык тейлөөдө көтөрүп жүрүүчү же көчмө өрт өчүрүү мотопомпалары же ыңгайлаштырылган транспорт каражаттары каралат.
19. Ведомстволук өрткө каршы кызматтын бөлүмдөрү үчүн атайын өрт өчүрүүчү автомобилдердин саны алардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен объекттин жетекчиси тарабынан аныкталат.
20. Өрт өчүрүүчү автомобилдер өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттер аралык стандарттарга жана регламенттерге ылайык жайгаштырылат жана эксплуатацияланат.
21. Объектте нөөмөт сменасындагы ведомстволук өрткө каршы кызматтын кызматкерлеринин саны өрт өчүрүүчү автомобилдердин санын өрт өчүрүүчү автомобилдеги эсептердин санына көбөйтүү менен аныкталат.
22. Ведомстволук өрткө каршы кызматтын кызматкерлеринин жалпы саны Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык алардын ишиндеги смен алмашууну жана жумуш убактысынын узактыгын эске алуу менен аныкталат.
23. Ведомстволук өрткө каршы кызматтын кызматкерлеринин жалпы саны объекттин кызматкерлеринин бекитилген штаттык санынын 50%на барабар же андан ашкан учурда ыктыярдуу өрткө каршы түзүмдүн курамына кирген объекттин штаттык кызматкерлеринин эсебинен кызмат орундарын ээлөөгө жол берилет.
24. Ведомстволук өрткө каршы кызматта объекттин өндүрүштүк мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен теориялык жана практикалык сабактарды камтыган кызматкерлерди жыл сайын атайын даярдоо каралат.