Редакцияот 04.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 4-декабры №74/28-XXIII

Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү 1999-жылдын 2-июнундагы №45 Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси (05.08.2022-жылга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен) 32-беренесине ылайык, Туз айыл аймагындагы тургундарынын 2023-жылдын 22-ноябрындагы КЛ-206 арызынын жана Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын аныктама катынын негизинде Туз айылына Борбордук мечит салуу үчүн жер тилкесин бѳлүп берүү боюнча маалыматын угуп, Туз айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Туз айыл ѳкмѳтунун башчысы А. Ш. Дононбаев Туз айылдын №250 контурунан 0,24 га аянт жерин мечит курууга жер тилкесин бѳлүп берсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Туз айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Салтыкеев Б.К