ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 7-июлу № II
Папан айыл өкмөтүндөгү Бөрү участкасындагы айыл өкмөттүн муниципалдык менчигиндеги №548-контурдагы жайгашкан 1,0 га айыл чарбасына жараксыз жер аянтын аукционго коюу жөнүндө
Папан айылдык кеңеши айыл өкмөтүн 07.06.2023-жылдагы №01-19/290 сандуу катын карап чыгып, муниципалдык мүлктү менчиктештирүү усулдарын карап, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2011-жылдын 23-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571 токтомуна ылайык Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүндөгү Бөрү участкасындагы №548-контурда жайгашкан 1,0 га айыл чарбасына жараксыз жер тилкеси, айыл өкмөтүн бюджетин көтөрүү максатында аукциондун негизинде сатууга жергиликтүү кеңештин компетанциясына кирбегендигине байланыштуу ижарага берүү жана сатуу жөнүндө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана архитектура,бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |