Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2023-жылдын 7-июлу № III

 

Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы Э.Алыкулов атындагы орто мектебинин алдындагы муниципалдык балдар бакчасын ачуу жөнүндө

 

Папан айылдык кеңеши, Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын 29-июнь 2023-жылдагы №01-19/329 сандуу катын карап Кызыл-Туу айылындагы Э.Алыкулов атындагы орто мектебинин алдында балдар бакчасын ачуу максатында токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздардын негизинде, Папан айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Туу айылындагы Э.Алыкулов атындагы орто мектебинин алдында, муниципалдык 60 (алтымыш) орундуу бала бакча ачууга уруксат берилсин.

2. Папан айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Туу айылындагы Э.Алыкулов атындагы орто мектебинин алдына ачыла турган бала бакчасына штаттык бирдиктерди ачуу Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Тагаев