Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 1-августу № 451

 

2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосунда бажылык башкарууну жакшыртуу максатында кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

 

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосунда бажылык башкарууну жакшыртуу максатында кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө азербайжан тарапка кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров