Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2023-жылдын 7-июлу № VII

 

Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

 

Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-авгусундагы №467 токтому менен бекилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министири Д.А.Кенекеевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы №11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу, көчөлөргө ысым ыйгаруу жана турак үйлөрдү катар номер менен белгилөө жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Папан айыл өкмөтүнүн Ак-Буура 1 айылындагы №3 көчөсүнүн аты , Папан айылдык кеңештин V чакырылышынын XIX сессиясынын VIII токтому күчүндө калтырылып, Сатиев Айти атындагы көчө боюнча бекитилсин.

2. Көчөгө аты коюлган маркум Сатиев Айтинин үй-бүлөө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандайсоциалдык маселелерин (жол тегиздөө, жарыктык орнотуу, көпүрө, электр мамычаларын орнотуу ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуусу жана турак үйлөргө жана обьекттерге катар номерлерди тез арада илүү зарылчылыгы жеткирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековко милдеттендирилсин.

 

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Тагаев