ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 7-июлу № XI
Папан айыл өкмөтүндөгү бала бакчаларга Ош облустук региондорду өнүктүрүү фондунан эмеректерди алуу жөнүндө
Папан айылдык кеңеши 2023-жылдын 7-июлдагы айыл өкмөт башчысынын 7-июль 2023-жылдагы 01-19/418-сандуу катын карап,талкуулап токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы И Мырзабекова атындагы балдар бакчасына эмеректерди алуу үчүн 1 489 400 (бир миллион төрт жүз сексен тогуз миң төрт жүз) сомдук,
Кызыл-Туу айылындагы Э Алыкулов атындагы орто мектебинин алдында ачылып жаткан балдар бакчасына 949 000 (тогуз жүз кырк тогуз миң) сомдук эмеректерди алууга Ош облустук региондорду өнүктүрүу фондунан суралсын.
2. Сметалык документтерди жана проектерди даярдап,токтомдун ишке ашырылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |