Редакцияот 16.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

2023-жылдын 16-августу № I

 

Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин 2023-жылы бекилген бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча акча каражатынын эсебинен чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

 

Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин 2023-жылы бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнө 9 айлыкиштин аткарылышы жана жыл ичиндеги иштерди болжолдуу аткарылышы боюнча, жайыт комитетинин төрагасы Р.Матазимовтун маалыматын угуп жайыт комитетинин киреше бөлүгүнө бекитилген бюджетке кошумча 150000 (жүз элүү миң) сом акча каражаттын эсебинен чыгаша бөлүктөрүн бекитүү маселеси айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Папан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин бюджетинин киреше бөлүгүнө жайыт жерлерин иштеткендиги үчүн төлөнүүчү салыкка 150000 (жүз элүү миң) сом кошумча акча каражаты бекитилсин жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык каралсын.

2. Токтомду аткаруу жагы Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы Р.Матазимовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Тагаев

 

Бекитилди

Папан айылдык кеңешинин

VII чакырылышынын 2023-жылдагы

кезексиз № I токтому менен бекитилди.

Кеңештин төрагасы:

Т.Тагаев

 

 

Папан айыл аймагынын Кожо-Келен ЖПКБнин 2023-жылга карата кошумча

Бюджети

 

Киреше бөлүгү

Сумма сом

1.Мал жаюудан

2.Кыйыр пайдалануудан 150,0

Жалпы киреше: 150,0

 

Чыгаша бөлүгү:

 

1.Айыл өкмөтүнө 3/1 калганы: 50,0

2.Транспорт жалдап иштетүүгө келишимдин негизинде 75,0

3.Бухгалтерди жалдап иштетүүгө келишимдин негизинде 20,0

4.Канц товар 5,0

 

Жалпы чыгаша: 150

Кожо-Келен ЖПКБнин төрагасы:

 Р.Т.Матазимов