АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштын 2024-жылдын 2-сессиясынын 1-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 29-марты №2.
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Муз айылынын айдап-себүүнүн, көчүп-конуунун, мал багуунун бааларын (раценкасын) бекитүү жөнүндө
IX чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 12- сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак Муз айылы боюнча жазгы айдап-себүү, оруп-жыюу бааларын 2024-жылга карата төмөнкүдөй бекитилсин.
-Аңыз жерди айдоо 1000 сом 25 литр солярка.
- Дың жерди айдоо 1300 сом 30 литр солярка.
- Тырмоо 600 сом 5 литр солярка.
- Арык тартуу Т-150 5 литр солярка МТЗ80-82 3 литр солярка 100 сом.
- Сеялка 600 сом 8 литр солярка.
- Ешка 1000 сом 10 литр солярка.
- Косилка 800 сом 10 литр солярка.
- Бир боо пресс чөп 10 сом 10 литр солярка.
- Чөп тырмоо 600 сом 5 литр солярка
- Жер таптоо 500 сом 5 литр солярка.
- Өстөн арык 1метр жерге 10 сом майы ичинде
- 1га Эгин чабуу 4000 сом майы ичинде.
2. Ак-Муз айылында 2024-жылга малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
1.Мал баккан малчыларды ички, алыскы жана ортоңку жайытка көчүүсү 1-майдан калбай көчүрүлсүн.
2.Алыскы жайытка көчүү 1- июндан кечиктирилбестен көчүү, кайра көчүп келүү ички жана ортоңку жайлоого 1-октябрдан кийин көчүп келсин. Эгерде 1-октябрга чейин көчүп келген малчыларга же мал айдап келген мал ээлерине бодо малга 500 сомдон, майда кой, эчкиге 60 сомдон мал башына айып төлөнүп кайра Ак Сай өрөөнүнө айдатылсын.
2. Баданы уюштуруу 1-майдан калбай колго алынсын. Саан уйдун арасында субай мал калтырууга жол берилбесин.
3. Ички жайыттагы жана сарайдагы калган малдын саны эки ат, үч уйдан ашпасын.
4. Ак-Муз айылында бада уюштурулуп, бадачынын эмгек акысы бир уйга айына 500 сомдон бааланып, бадачыга төлөнүп берилсин.
5. Мал баккан малчылар майда жандыктын туягына 50 сом, бодо малга 500 сомдон, бир баш кочкор текеге 250 сомдон төлөнүп берилсин. Эгерде ушул көрсөтүлгөн баадан ашык ала турган болсо, патент, соц.төлөмдөрүн төлөсүн. Жайыт акы төлөмдөрү мал баккан малчыдан майда малдын туягына 20 сом, бодо малга 100 сом, кулун музоого 70 сомдон төлөнсүн.
6. Айыл өкмөтүнүн каттоосунда жок сырттан келген малга жайкы жайыт акыга, майда малдын туягына 30сом. Бодо малга 150 сомдон, жайыт акы төлөнсүн. Жайыт акысы мал баккан малчыдан же мал ээлеринен өндүрүлсүн.
7. Ички өрөөндөрдүн төрүнө ашыкча мал алынып калынбасын.
3.Ак Муз, айылында айыл чарба жерин коруу 2024-жылдын 1-майынан тартып 1-октябрына чейин жүргүзүлсүн.
1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жана тармактык комиссияга милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына жана өзүмө калтырам.
Төрага: | Ж. Алыбаев |