БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектүү сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 55
Сасык-Булак айылынын тургундарынын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сасык-Булак айылынын тургундарынын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Сасык-Булак айылындагы Бала-Чычкан өзөнүндөгү суу тартыштыгын жоюу максатында, Сасык-Булак айылынан суу бургулоо техникасы менен суу чыгарууүчүн түзүлгөн сметанын негизинде 1 226 000 ( бир млн. эки жүз жыйырма алты миӊ ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Кулубаевага милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |