(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 505 токтомуна)
Чакан ишкердик субъекттери тарабынан бухгалтердик эсеп жүргүзүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Чакан ишкердик субъекттери тарабынан бухгалтердик эсеп жүргүзүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чакан ишкердик субъекттеринин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун уюштуруу тартибин белгилейт.
2. Бул Эрежелердин колдонулушу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык патенттик негизде атайын салык режимин колдонгон жеке ишкерлерге жайылтылбайт.
3. Бул Эрежелерде бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган түшүнүктөр колдонулат.
2-глава. Бухгалтердик кызматтын ишин уюштуруу
4. Түзүмүнө, тармактык таандыктыгына жана ишинин өзгөчөлүктөрүнө жараша бухгалтердик эсеп жүргүзүү үчүн чакан ишкердик субъекти бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алат, эсеп саясатын түзөт, операцияларды жана окуяларды контролдоо тартибин иштеп чыгат.
5. Эсепке алуу ишинин көлөмүнө жараша чакан ишкердик субъектинин бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү уюштуруу "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу адамдын функциялык милдеттери чакан ишкердик субъектинин жетекчиси бекиткен жобого (кызматтык нускамага), эмгек келишимине же кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимге ылайык аныкталат.
7. Бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу адам төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- отчеттук мезгил ичинде операцияларды жана окуяларды чагылдыруунун жана активдер менен милдеттенмелерди баалоонун кабыл алынган эсеп саясатынын өзгөрбөстүгүн;
- отчеттук мезгил үчүн эсепке алууда отчеттук мезгилде жүзөгө ашырылган бардык операцияларды жана окуяларды, активдерди жана милдеттенмелерди инвентаризациялоонун натыйжаларын чагылдыруунун толуктугун;
- кирешелерди жана чыгашаларды отчеттук мезгилдерге киргизүүнүн тууралыгын.
Бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу адам иштерди жүргүзүүдөн бошотулган учурда иштерди жүргүзүү жаңыдан дайындалган, бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн жооптуу адамга, ал эми ал жокто чакан ишкердик субъектинин жетекчисинин буйругу менен дайындалган кызматкерге өткөрүлүп берилет.
Буйрукта милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- бухгалтердик кызматтын иштерин кабыл алуу-өткөрүп берүү мөөнөтү, бирок эки жумадан ашык эмес;
- өткөрүп берүүчүгө жана кабыл алуучуга эмгек акы төлөө тартиби;
- иштерди кабыл алуу-өткөрүп берүү мезгилине документтерге кол коюу укугуна ыйгарым укуктуу адам.
Чакан ишкердик субъектинин жетекчиси тарабынан ишти кабыл алуучу адамдын ыйгарым укуктары бекитилгенге чейин жана кол коюу укугу берилгенге чейин иштерди өткөрүп берүүчү кабыл алуучунун контролу астында документтерге кол коёт.
Иштерди өткөрүп берүүдө бухгалтердик эсептин абалы, отчеттук маалыматтардын аныктыгы текшерилет, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү тараптар кол коёт жана чакан ишкердик субъектинин жетекчиси тарабынан бекитилет.
Акт эки нускада түзүлөт. Бир нускасы чакан ишкердик субъектинин бухгалтердик кызматында, экинчиси ишти өткөрүп берүүчү тарапта калат.
Бухгалтердик эсептин абалы канааттандырарлык эмес болгон учурда бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү процессин уюштуруу чакан ишкердик субъектинин жетекчисине жүктөлөт. Документтерди калыбына келтирүү мезгили бухгалтердик эсептин абалына жүргүзүлгөн талдоонун жана учурдагы документ жүгүртүүнүн негизинде аныкталат.
8. Операцияларды жана окуяларды документтер менен тариздөө, баштапкы эсепке алуу документтерин (мындан ары - баштапкы эсепке алуу документтери) бухгалтердик кызматка өз убагында берүү боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жооптуу адамга карата ушул Эрежелердин 7-пунктунда каралган талаптар бардык кызматкерлер үчүн милдеттүү болуп саналат.
9. Эгерде бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу адамдын колу жок акча жана эсептешүү документтери жараксыз деп эсептелет жана аткарууга кабыл алынбайт.
10. Чакан ишкердик субъекти бухгалтердик документтерге кол коюу укугуна ээ ыйгарым укуктуу адамдарды аныктайт. Ошол эле учурда адамдын ээлеген кызмат ордуна, акча суммаларынын өлчөмдөрүнө, иш-аракетинин чөйрөсүнө жана операциянын маңызына жараша кол коюу укугунун иерархиясы белгиленет. Электрондук кол тамгаларды колдонгон чакан ишкердик субъекти электрондук кол тамгаларды колдонуу укугуна жана аларга жетүүгө тиешелүү этияттыктын жана контролдоонун талаптагыдай чараларын белгилөөнү камсыз кылат.