Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштын 2024-жылдын 2-сессиясынын 1-кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 29-марты №5.

   Ат-Башы дарыясына Ак-Моюн Талды-Суу көпүрөсүн куруу көпүрөгө барчу жолго уруксат берүү жөнүндө

 

   IX чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 12-сессиясы 2024-жылынын 2-сессиясынын 1-кезексиз сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кенеши карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ат-Башы дарыясына  Ак-Моюн Талды-Суу байланыш көпүрөсүн курууга макулдук берилсин.
  2. Көпүрөга баруучу жол, Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн Ак-Муз айылдарын ортосундагы “Момолой-Арыктын” күн чыгыш тарабын жээги менен салууга макулдук берилсин.
  3. Жаңы салунуучу көпүрөгө баруучу айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерине туш келгендиктен жолдун чегин коюп, үлүш жерлерлерден канча гектар жер аянты жана айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонддун  жерлерине канча гектар жер аянтын берилерин тактап чыгуу жана үлүш жерлерде мыйзамдуу түрдө теңдеш айыл чарба багытындага мамлекеттик фонддун жерлерин алмашууга жана айыл элине укук аныктоочу документтерин толук бүткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн, Ат-Башы райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, Жер ресурстар кызматынын Ат-Башы филиалынын катышуусу менен комиссия түзүлүп, мыйзамдуу иш алып баруу жагы сунушталсын.
  4. Ат-Башы дарыясына Ак-Моюн-Талды Суу көпүрөсүн куруу долбоору алкагында жаңы салынуучу көпүрөгө баруучу жол, айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерине туш келип үлүш жерлери болгондуктан үлүш жер ээлеринен макулдук алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ченемдик уктук актылардын негизинде тиешелүү мекемелер менен биргеликте иш алып барылсын.
  5. Ушул токтом Ак-Моюн айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп атайын веб сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасын Ченемдик укуктук  актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусуну юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
  7. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына жана өзүмө калтырам.

Төрага:

Ж. Алыбаев