Редакцияот 27.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аманбаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 7-сессиясы

2022-жылдын 27-январы № 6

Аманбаев айылдык кеңеши, Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана “Суулуу-Маймак-2” СПАнын карамагындагы ички арыктарын ѳткѳрүү жѳнүндѳгү протоколун карап жана талкуулап, Аманбаев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Аманбаев айылдык кеңеши, “Суулуу-Маймак-2” СПАнын карамагындагы К-1632 дарегинлеги жалпы аянты 11,28 га түзгѳн айыл чарбв багытындагы жер участогун ички арыктарды (ички чарбалык канал Р-23-II-2,52 га, ички чарбалык канал Р-24-I-4,44 га, ички чарбалык канал Р-24-II-4,32 га) Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн балансына ѳткѳрүлүп берилсин.

2. Ак-Жар айылынын түндүк тарабынан ѳтүүчү БТК Р-24-II каналынын этегине демѳѳрчү тарабынан берилген 300 даана даяр цемент лоток арыгын ташып жеткирүү жана орнотуу боюнча долбоордук-сметалык документ даярдалсын.

3. Долбоордук-сметалык документ талапка ылайык бекитилип Талас облусун ѳнүктүрүү фондуна сунушталсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Аманбаев айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Нуралиев У.М.