АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 8-сессиясы
2022-жылдын 18-февралы № 5
Аманбаев айылдык кеңеши, Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана “Суулуу-Маймак-2” СПАнын карамагындагы ички арыктарын ѳткѳрүү жѳнүндѳгү протоколун карап жана талкуулап, Аманбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айылдык кеңеши, “Суулуу-Маймак-2” СПАнын карамагындагы К-1632 дарегинлеги жалпы аянты 11,28 га түзгѳн айыл чарба багытындагы жер участогун ички арыктарды (ички чарбалык канал Р-23-II-2,52 га, ички чарбалык канал Р-24-I-4,44 га, ички чарбалык канал Р-24-II-4,32 га) Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн балансына ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Ак-Жар айылынын түндүк тарабынан ѳтүүчү БТК Р-24-II каналынын этегине атайын талапка ылайык лоток цемент арыктарын орнотуу боюнча долбоор даярдалсын.
3. Долбоордун талабы боюнча тиешелүү болгон иш-кагаздары өз убагында даярдоо айыл өкмөт жетекчилигине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы: |
Нуралиев У.М. |